Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Балбан Атай Изабеков Азия чемпионатында (U23) коло байге алды


Атай Изабеков оңдон биринчи. 24-март, 2019-ж.
Атай Изабеков оңдон биринчи. 24-март, 2019-ж.

Кыргызстандык балбан Атай Изабеков Моголиянын Улан-Батор шаарында 24-мартта жыйынтыкталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында коло байгенин ээси болду.

"Биргелешкен Күрөш дүйнөсү" уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Изабеков 24-март күнү эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Ал айлампа тартибинде өткөн төрт таймашта монголиялык балбанды жеңип, ирандык жана индиялык балбандарга жеңилди. Чечүүчү таймашта казакстандык атаандашынан мыкты болуп, 3-орунду ээледи.

Бул күнү Изабековдон сырткары Кыргызстандын атынан килемге чыккан Исламбек Орозбеков (70 кг.) жана Кунай Нурдавлетов (97 кг.) 4-орунду ээлешти.

Изабековдун байгеси менен бул мелдеште Кыргызстандын эсебине 3-байге чогулду. Буга чейин Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) алтын, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.) күмүш байге алган. Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 114 упай топтоп, мелдешке катышкан тогуз өлкөнүн арасынан 5-катарга жайгашты.

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 21-мартта башталган. Бул чемпионатка катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы төрт алтын, эки күмүш жана үч коло байге алып командалык эсепте 2-орунду ээлеген. Кыз-келиндер курөшү бобнча улуттук курама командасынан Нураида Анаркулова күмүш медал тагынды. (ECh)

XS
SM
MD
LG