Ирактын парламенти кеминде 100дөй кишинин өмүрүн алган кеме кырсыгынан кийин Ниневия провинциясынын губернаторунун отставкасын колдоду.
24-мартта Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди губернаторду шалаакылык жана коррупция үчүн иштен алуу тууралуу өтүнүч менен парламентке кайрылган.
Мыйзам чыгаруучулар премьердин сунушу менен дагы эки аймактын губернаторунун кызматтан кетишин кубаттады.
21-мартта Нооруз майрамы белгиленип жатканда Тигр дарыясында ашыкча киши түшкөн кеме чөгүп, 100дөй кишинин өмүрү кыйылган. Кырсыктан кийин Ниневия провинциясынын бийлигине шалаакылык боюнча сын айтылган.