Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Румыния Израилдеги элчилигин Иерусалимге көчүрөт


Румыния премьер-министри Виорика Дэнчилэ.
Румыния премьер-министри Виорика Дэнчилэ.

Румыния Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрөт. Бул тууралуу румын премьер-министри Виорика Дэнчилэ 24-мартта Коомдук байланыш боюнча Америка-Израил комитетинин Вашингтондогу жыйынында билдирди. Анын айтымында, "Израил менен Европа биримдигинин алакасын чыңдоо үчүн" Румыния уюмга төрага болгон мезгилин колдонууга аракеттенет.

Коомдук байланыш боюнча Америка-Израил комитети - эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө көмөктөшкөн таасирдүү бейөкмөт уюм.

Комитеттин жыл сайын өткөргөн жыйындарына эл аралык таасирдүү саясатчылар катышат. Быйылкы конференция "Connected for good" ("Түбөлүк байланыш") деген аталышта өтүп жатат. Жыйын 26-мартка чейин уланат.

АКШ президенти Дональд Трамп 2017-жылы Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган. Иерусалимдеги Америка элчилигинин расмий ачылышы 2018-жылдын май айында болгон.

XS
SM
MD
LG