Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

Эмгек министрлиги ишкерлер менен келишим түздү


Медреседеги кыздар тикмечиликке үйрөнүшүүдө. Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кесиптик кошуундар федерациясы ЖИА Ишкерлер биримдиги менен иш орундарын түзүү боюнча келишимге жетишти.

Келишимде элди жумуш менен камсыз кылуу, эмгек шарттарын түзүү жана социалдык кепилдиктерди берүү боюнча маселелер камтылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» ЖИА Ишкерлер биримдигинин аткаруучу директору Фархад Пакыров билдирди. Анын айтымыда, жаңы жумуш орундарын түзүү менен элдин жашоосун оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үч тараптуу келишимде жумушчулардын укуктарын коргоо, алар үчүн тиешелүү шарт түзүү, экологиялык жана башка коопсуздугун сактоо зарылчылыгы белгиленген.

Кыргызстанда жумушсуздук - негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. Статистикалык маалыматтар боюнча, 6 миллион калктын 2,5 миллионго жакыны эмгекке жарамдуу. Алардын арасынан 184 миң адам жумушсуз. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG