Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Кыйноого каршы күрөшкө арналган иш-чара болот


Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор жарыялаган сүрөт.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор жарыялаган сүрөт.

«Кыргызстандагы кыйноону кантип токтотобуз?» деген тегерек үстөл 26-мартта Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында өтөт. Ага укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана күч кызматтарынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» билдирди.

Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициянын адистерине 2016-жылы 112 адам жардам сурап кайрылган, 72 адамга юридикалык көмөк көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноо 11 пайызга азайганын билдирген. Укук коргоочулар тергөө учурунда шектүүлөргө кыйноо көсөтүлөрүн айтып келишет.

Былтыр 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреңов «Кыргызстандагы кыйноону иликтөөнүн абалы» деп аталган талкууда билдирди. Анын айтуусунда, булардын 35инде милициянын жетекчи кызматтарында иштеген 100 адамга кылмыш иш козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG