Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

УКМК: Сот аткаруучулар пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-мартта Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Д.С. жана Ч.М. аттуу сот аткаруучулары 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар алимент боюнча 67 миң сом карызы бар адамга өлкө аймагынан чыгууга уруксат бериш үчүн 30 миң сом сурашкан.

Учурда бул факт боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара талап кылуу») менен сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG