Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Депутат: Нарындагы памирлик кыргыздардын маселесин чечиш керек


Оогандык кыргыздар.
Оогандык кыргыздар.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп келди. Алар эл өкүлүнө кайрылып, туруктуу жашаган үйү жок болуп жатканын жана кесиптик билим алгандан кийин эч кандай документ берилбей жатканын маалымдашкан.

- «Ай сайын батирден-батирге көчүп тажадык» дейт. Бир үйдө туруктуу жашашпайт экен. Ал эми окуу боюнча, кесиптик билим алганы менен эч кандай сертификат берилбейт экен. Биз бул боюнча тийиштүү органдарга кайрылабыз, - деди депутат.

Аида Исмаилованын маалыматына караганда азыр Нарында 11 памирлик үй-бүлө жашап жатат. Депутат бул үй-бүлөлөр кандай келишим менен келгенин изилдеп, парламентке алып чыгарын кошумчалады.

2017-жылдан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары 2018-жылы Ооганстанга жөнөп кетишкен. Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү 2017-жылы Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүш үчүн көчүрүлүп келген. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. Айрымдары кыргыз бийлиги жер берип, шарт түзүлсө кайра кайтып келерин, болбосо Ооганстанда каларын айтышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG