Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Өкмөт: Разаков боюнча чагымчыл маалыматтар таратылууда

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү ««вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт» деп билдирди. Мекеме вице-премьер-министр жөнүндө айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жана парламентте айтылган маалыматтарды жалган жана чагым деп эсептейт.

«Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын өттү, тажик чалгынына тиешеси болсо анын бүтүндөй кызматтык ишмердүүлүгү учурунда байкалбай калмак эмес» деп жазылат өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта. Ошондой эле бул иш текшерилип, жыйынтыгында укук коргоо органдары өз баасын берери белгиленген.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар Жеңиш Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтей баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG