Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Бишкекте Кара-Суу районунун жергиликтүү бийлигин айыптаган акция өттү


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Ош облусунун Кара-Суу районунан келген жыйырмадай киши бул райондогу жер сатуу боюнча фактыларды териштирүүнү талап кылып нааразылык акциясына чыкты. Чогулгандар «Жогорку сот, коррупционерлерди, жер саткычтарды колдобогула! Президент, депутаттар эл менен жолугушсун!» деген жазууларды көтөрүп турду. Алар бийликтен Кара-Суу районунун акимине, прокуроруна, сотторуна жана Папан айыл өкмөтүнүн башчысы менен жооптуу катчысына чара көрүүнү талап кылышты. Чогулгандар бул адамдарды жер сатууга байланыштуу айыптап жатышат.

- Биз Папандын айыл өкмөтү мыйзамсыз жер сатканы үчүн Ош облусунун прокуратурасына, Кара-Суу районунун прокуратурасына, сотуна, ички иштер башкармалыгына кайрылдык. Эч кандай жыйынтык болбогондуктан президенттин чечип беришин өтүнүп бул жакка келдик, - деди нааразылык акциясына чыккандардын бири Рахманали Бусурманкулов.

Алардын айтымында, жергиликтүү тургундар бул маселени бир жыл сегиз айдан бери көтөрүп келатышат.

Бирок Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жогоруда айтылган дооматтарды четке кагып, «Азаттыкка» бул боюнча укук коргоо органдары тийиштүү текшерүүлөрдү өткөргөнүн маалымдады. (AlS/TSh)

XS
SM
MD
LG