Сербиянын президенти Александр Вучич 24-мартта Ниш шаарында НАТОнун аба соккуларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында өз өлкөсү альянска кошулбай турганын билдирди. Ал 2500 жай тургундун, 79 баланын өлүмүн, мамлекеттин талкаланышын, миллиарддаган доллар зыянды Сербия дайыма кылмыш деп эсептей турганын кошумчалады:
- Сербиянын эли өлкөнүн НАТОго киришин каалабайт. Аскердик жактан эркин болуу - биздин тандообуз. Биз НАТОнун бир бөлүгү болгубуз келбейт. Биз эч кимди коркутпайбыз, болгону өзүбүздү өз алдынча коргойбуз. Ошол себептүү күчүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү топтоп жатабыз. Бүгүнкү күнү Сербия 1999-жылдагыдан он эсе, 2008-жылга караганда 20 эсе күчтүү.
24-мартта НАТОнун Сербияга аба операцияларынын башталганына 20 жыл толду. Аны Сербия да, Косово да белгиледи. Бул күнү Белградда ашынган улутчулдардын жүрүшү өтсө, Приштина 24-мартты Косовонун тарыхындагы улуттук боштондук, бурулуш, геноцидге бөгөт коюлган күн катары майрамдады.
НАТО 1999-жылдын 24-мартында косоволук албандарды жапырт өлтүрүүгө каршы, мурда Сербиянын түштүк провинциялары болгон аймактарда кан төгүүлөрдү токтотуш үчүн Белградга абадан сокку ура баштаган. 78 күнгө созулган операциялар карапайым косоволук албандарды Сербия коопсуздук күчтөрүнүн кыргыны менен куугунтугунан куткарган. Альянстын бомбалоосунан кийин серб лидерлери батыштын Косоводон чегинүү тууралуу талабына көнүүгө мажбур болгон.
Мунун арты менен Косово тогуз жылдан кийин, 2008-жылы Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Косовонун эгемендигин дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсү тааныган. Сербия аны дале өз аймагы деп эсептейт.