Кыргызстандын жаш дзюдочулары Польшада өткөн эл аралык мелдеште төрт алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу тиешелүү федерация билдирди.
Маалыматка караганда «SameJudo CUP 4 2019» деген аталышта өспүрүмдөр арасындагы мелдеш 23-24-март күндөрү Польшанын Марки шаарында өтүп, ага 26 мамлекеттин жаш спортчулары катышкан. Жеңүүчүлөр жаш курагына жараша алты жаштан 14 жаш куракка чейин аныкталган.
Кыргызстанга таандык алтын байгелерди Эмирхан Абдуллаев (18 кг, 6 жаш), Эртай Күмөндөров (20 кг, 7 жаш), Адил Болотов (22 кг, 8 жаш), Баэл Исмаилов (22 кг, 9 жаш), күмүш байгелерди Нуртай Күмөндөров (23 кг, 7 жаш), Абдулазиз Жорготаев (20 кг, 7 жаш), Адиз Орозмаматов (36 кг, 14 жаш) алды. Адиз Орозмаматов 33 килограммга чейинки салмакта татамиге чыгып, ал категорияда да коло байге алган.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду алды. Дзюдочуларды машыктыруучу Айканыш Аманова жетектеп барган. (ECh/GT)