Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

«Галатасарайдын» оюнчусу Бекназ Алмазбеков элдин мактоосуна арзыды


Футбол тобу.
Футбол тобу.

Түркиянын «Галатасарай» футбол клубунун жаштар командасында ойногон 13 жаштагы кыргызстандык Бекназ Алмазбеков түрк медиасынын мактоосуна арзыды. Жекшемби күнү «Галатасарайдын» 14 жашка чейинки оюнчулары «Стамбулспорт» командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө «галатасарайчылардын» капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуунун ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырды.

Калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койду. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түрк медиасы жаш футболчу үлгү көрсөткөнүн жазып чыкты.

Бул оюнда Бекназ бир гол киргизип, 2-0 эсеби менен «Галатасарай» жеңүүчү болду.

XS
SM
MD
LG