Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

"Азаттыктын" каарманы Азамат паспорт алды


Азаматтын паспорту.
Азаматтын паспорту.

«Азаттыктын» кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде тасмага тартып коомчулукка алып чыккан Азамат паспорт алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кочкор райондук паспорт столунун жетекчиси Пазылов Абдулазиз билдирди.

Азамат ушул айдын башында, кичине кезинде асырап алган ата-энесин тапкан. Энесинде анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү сакталуу боюнча экен.

Азамат ата-энесин Кочкордон тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:01 0:00

Санжар тогуз айлык кезинде Садыковдордун үйүнө белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Бирок ал жети жашка чыкканда «бул баланын энеси менмин» деп бир аял алып кеткен. Ошол боюнча дайыны билинбей жүргөн.

Кийин баккан энеси «Азаттыктын» сайтынан Азамат тууралуу тасманы көрүп, бир кезде жоготкон баласын тааныган.

Ар кимдин колунда жүргөн Азамат фамилиясын Саралаев деп паспортко документ чогултуп жүргөн. Кулчулукта жүргөн баланын өз аты унутта калган. Көрсө анын азан чакырып койгон аты Санжар, фамилиясы Садыков болуп чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG