Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Өзбекстан менен БАЭ 10 млрд. долларлык макулдашууга кол коюшту


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Абу- Дабинин аэропортунда, 24-март, 2019-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Абу- Дабинин аэропортунда, 24-март, 2019-жыл.

Өзбекстан менен Бириккен Араб Эмираттары инвестиция жана финансы, энергиянын кайра калыбына келген булактары, өндүрүштү, инфраструктараны өнүктүрүү, айыл чарбасы жана башка тармактарда кызматташуу үчүн 10 миллиард долларлык макулдашууга кол коюшту.

Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы 25-мартта жарыялады.

25-майда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары, президенттин иши боюнча министр Абдул бен Зайд ал-Нахайян менен жолукканда келишимдерге кол коюлду.

Эки тарап соода жана экономикалык алакаларды кеңейтүүнү, энергетика жана инфрастуктура багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, илимий технологиялык жана билим берүү багытында кызматташууну бекемдөөнү макулдашты.

Президенттин расмий сайты жолугушууда эл аралык жана аймактык маселелер да талкууланганын кабарлады.

Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары үчүн виза режимин жойгон.

Президент Мирзиёев Абу-Дабиге эки күндүк сапар менен 24-мартта барган. Дүйшөмбүдө ал тактынын мураскору ханзада, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, шейх Мохаммед бин Заид ал-Нахаян менен жолукту.

XS
SM
MD
LG