Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Помпео: Москва Венесуэалага аскер жиберсе, Вашингтон “жөн отурбайт"


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, 15-март, 2019-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, 15-март, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшкөндө Москва Венесуэлага аскер жиберсе, ал кырдаалды курчутарын жана Вашингтон “кол куушуруп отурбасын” эскертти.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Роберт Палладино 25-мартта Помпео орусиялык кызматташы менен сүйлөшкөнүн ырастады.

Орусиялык согуштук учактар жана 100 чакты жоокер Каракаска конгону тууралуу кабар ишембиде тараган.

Гуайдо 22-мартта "Рейтер" агенттигине берген маегинде "Мадуронун режими акыркы күндөрүн жашап жатканын, жакын арада өкмөттө, аскер жетекчилигинде өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын" билдирди.

Эртеси Мадуро атайын кызматтар анын өмүрүнө кол салуу планынын бетин ачканын айтып, Гуайдонун санаалаштары мындан ары да камакка алынарын эскертти.

Латын Америкасындагы бул өлкөдө үч айдан бери мамлекет башчы менен оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдонун ортосунда тиреш уланууда.

XS
SM
MD
LG