Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Орус аскерлери Каракаста байкалды


Орусиянын желеги тартылган учак. Каракас аэропорту, 24-март 2019-жыл
Орусиянын желеги тартылган учак. Каракас аэропорту, 24-март 2019-жыл

Өткөн дем алыш күндөрү орус аба күчтөрүнүн эки учагы Каракаска конгону тууралуу маалыматты Венесуэланын расмий өкүлү ырастады.

Орусиялык согуштук учактар жана 100 чакты жоокер Латын Америкасындагы бул өлкөгө барганы тууралуу маалыматтар ишембиде тараган. Адегенде жергиликтүү журналист Хавьер Майорка аба трафигин каттап турган сайттан учактарды байкап калган.

"Flightradar-24" сайтынын маалыматы боюнча Ил-62 жана Ан-124 Венесуэланын борборуна 22-мартта Чкалов аэродромунан учуп чыгып, Сирияга токтоп, сапарын улантышкан. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды.

Журналист Майорка учактардын бири 35 тонна жүк ташып келгенин жана бортто 100гө жакын жоокер, Орусиянын Жөө аскерлеринин Башкы штабынын командачысы бар экенин билдирди. Анын артынан АФПнын кабарчысы Орусиянын желеги тартылган учактардын бирин Майкиетия аэропортунда көргөнүн, аны Венесуэланын Улуттук гвардиясынын аскерлери кайтарып жатышканын маалымдады.

Венесуэланын атын атабоону каалаган расмий өкүлү орус делегациясы аскерлерди машыктыруу, аскердик жабдууларды колдонуу жана жалпы стратегияны талкуулоо үчүн келгенин "Ассошейтед Пресске" билдирди.

Орусиянын Коргоо жана Тышкы иштер министрликтери бул маалымат тууралуу расмий билдирүү жасашкан жок.

Былтыр декабрда Орусиянын Коргоо министрлиги Венесуэлага ядролук курал ташууга кудуреттүү эки учакты жөнөткөн. Министрлик 10-декабрда Ту-160 учактары Каракастын четиндеги аэропортко конгонун билдирип, бирок эмне ташып барганын маалымдаган эмес. Анын алдында эле Венесуэланын президенти Николас Мадуро Москвада болгон.

Өлкөдө үч айдан бери мамлекет башчы менен оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо ортосунда тирешүү уланууда.

Январдын аягында оппозициялык саясатчы Конституцияга таянып өзүн утурумдук президент деп жарыялаганда анын легитимдүүлүгүн АКШ, Латын Америкасынын жана Европанын көпчүлүк мамлекеттери таанышкан. Реалдуу бийлик Мадуронун колунда кала берүүдө. Президентти Орусиядан тышкары Кытай, Түркия жана дагы бир нече өлкө колдошот.

Гуайдо 22-мартта "Рейтер" агенттигине берген маегинде "Мадуронун режими акыркы күндөрүн жашап жатканын, жакын арада өкмөттө, аскер жетекчилигинде өзгөрүүлөр күтүлгөнүн" билдирди.

Эртеси Мадуро атайын кызматтар анын өмүрүнө кол салуу планынын бетин ачышканын айтып, Гуайдонун санаалаштары мындан ары да камакка алынарын эскертти.

Венесуэла саясий гана эмес, экономикалык кризисти да башынан кечирип жаткан чак. Алты жылдан бери экономика төмөндөөнүн үстүндө баратат. Былтыр инфляция миллион процентке жеткен. Өлкөдө эң керектүү товарлар тартыш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG