Азербайжандын башкалаасы Бакунун Низамин районунда жайгашкан "Diglas" соода борборунда 26-мартта өрт чыкты.
"Азаттыктын" азери кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып билдиргендей, имараттан бардык кызматкарлер чыгарылды.
Өрт соода борбордогу дүкөндөрдүн биринен чыгып, имараттын төртүнчү кабатына чейин жайылган. Аны өчүрүү иштерине эки тик учак да тартылган. Тилсиз жоонун себеби аныктала элек.