Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

CPJ түркмөн бийлигин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды


Солтан Ачилова.
Солтан Ачилова.

"Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) 25-мартта түркмөн бийлигин ардагер-журналист Солтан Ачилованы куугунтуктоону токтотууга чакырды. Уюмдун өкүлү Гүлноза Саид Ачилова жана башка журналисттер жабык өлкөдө иштеп жаткандыктан, аларды кысымга алуу токтошу керектигин билдирди.

Ачилова Венада жайгашкан "Түркмөнстан хроникасы" сайтынын Ашхабаддагы кабарчысы. Ал быйыл 11-мартта Тбилисиге эл аралык семинарга барганы жатканда аэропорттон өткөрбөй коюшкан. Аталган сайттын башкы редактору Фарид Тухбатуллин билдиргендей, укук коргоо органдары Ачилова эч себепсиз Түркмөнстандан чыга албай турганын жүйө келтирген.

21-мартта "Чек арасыз кабарчылар" уюму да Ашхабадды Ачилова баштаган саналуу көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөгөн.

70 жаштагы Солтан Ачилова мурда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы болуп иштеген кезде да бир нече жолу полицияга кармалып, кол салууга туш болгон. «Түркмөнстан хроникасы» жана "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкө бийлигине сын жазган саналуу маалымат каражаттарынын бири.

Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына караганда, түркмөн бийлиги өлкөдөгү жападан-жалгыз мамлекеттик провайдер аркылуу Интернетти катуу көзөмөлдөп, маанилүү сайттарга, социалдык түйүндөргө, "WhatsApp" жана "Signal" сыяктуу системаларга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG