Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Орусия Сирияда үч жоокерин жоготконун билдирди


Сириядагы орусиялык жоокерлер. Сентябрь, 2018-жыл. Идлиб.
Сириядагы орусиялык жоокерлер. Сентябрь, 2018-жыл. Идлиб.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Сирияда орусиялык үч аскер набыт болду. Алар түшкөн автоунаа февралдын аягында Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында жоочулардын буктурмасына кабылган.

Мекеме окуядан кийин орус армиясы жоокерлерге кол салган топтун изине түшүп, отуздан ашык согушкер жок кылынганын кошумчалады. Ошол эле маалда бул операция кайсы күнү болгону айтылган жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирияда каза тапкан орусиялык аскерлердин саны ушуну менен 115ке жетти.

Орусиянын Сириядагы операциялары 2015-жылы күзүндө башталган. Кремл алты жылдан бери уланып жаткан жарандык согушта Сирия президенти Башар Асадды колдойт.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы жана түштүк-батышындагы бир катар аймактар Сириялык козголоңчулар менен согушкерлер топторунун карамагында. АКШ баштаган эл аралык альянс колдогон күрд күчтөрү түндүк-батыштагы аймактардын көпчүлүгүн көзөмөлдөп турат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG