Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаай турганы эскертилди


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызгидромет" борбору Кыргызстандын аймагында 28-30-марттарда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертип, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

27-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектериңде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, өрөөндө жаан болбойт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18,

Нарын аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17 градус болот.

27-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбор калаада түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градусту түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG