Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чараларга байланыштуу 27-28-март күндөрү Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, учурда чектөө киргизилүүчү көчөлөр боюнча тактоо жүрүп жатат, такталып бүткөн соң кошумча маалымат берилет.
ЖКККББ жарандарды убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Путиндин сапары алкагында 27-мартта эки тараптуу бир катар иш-чаралар болот. Кыргызстан жана Орусия аймак аралык бизнес конференциясы өтөт. Ага Орусиянын аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлордон куралган 700гө жакын адам катышат.
28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Анда отузга чукул келишимге кол коюлары кабарланган. Негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр өтөт. (ZKo)