Европарламент 26-мартта Өзбекстандагы саясий реформаларга, адам укуктарынын сакталышына жана сөз эркиндигине кылдат байкоо салууга Европа биримдигин чакырды.
Өзбекстан боюнча сунуштар Европарламенттин 26-мартта жактырылган отчетунда камтылган.
Анда 2016-жылы авторитардык башкаруу орноткон биринчи президент Ислам Каримов каза болгондон кийин бийликке келген өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда реформа жүргүзүүгө убада бергени эске салынган.
Мирзиёев Евробиримдикти Өзбекстанда көз карандысыз сот системасын түзүүгө багытталган саясий жана демократиялык реформалардын толук жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөгө, дайыма байланышта болууга чакырган.
Европарламент Ташкентти эркин парламент түзүүгө, адам укуктарын, гендердик теңдикти, сөз эркиндигин коргоо боюнча аракеттерди көрүүгө да үндөдү.
Жыл башында Өзбекстан менен Евробиримдик өз ара кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.