Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

"Boeing 737 Max 8" учагы Орландо аэропортуна аргасыз конду


Америкалык компанияга таандык "Boeing 737 Max 8" учагы.
Америкалык компанияга таандык "Boeing 737 Max 8" учагы.

АКШнын Флорида штатындагы аба майданына кыймылдаткычтарынын бири иштебей калганына байланыштуу учак конууга аргасыз болгон. Учакта жүргүнчүлөр болгон эмес, аны Калифорниядагы убактылуу аэродромго алып баратышкан. АКШнын жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы "Boeing 737 MAX" үлгүсүндөгү учактарды учуудан алып салган. Буга Индонезиядагы жана Эфиопияда аталган үлгүдөгү учактын катышы менен болгон кырсыктар себеп болгон. Ал кырсыктарда жалпысы болуп 346 киши набыт болгон.

Эфиопиядагы кырсыктан кийин "Boeing 737 MAX" үлгүсүндөгү учактардын учуусуна Евробиримдик өлкөлөрү, Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр тыюу салышкан. Айрым өлкөлөр бул учактар үчүн жалпы асманын жабышкан.

"Boeing" компаниясы бул үлгүдөгү учактарынын компьютердик программасын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG