Чүй облусунун Аламүдүн районунда карактоого шектүү 15-16 жаштардагы үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-мартта Аламүдүн райондук милициясына Арашан айылынын тургунунан арыз түшкөн. Ал адам анын үйүнө ошол түнү белгисиз, беткапчан адамдар кирип келип, бычак менен коркутуп тоноп кеткенин билдирген.
Райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери изи сууй электе бул кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрдү. Кармалгандардын экөө Чүйдүн, үчүнчүсү Бишкек шаарынын тургундары экени такталды.
Баштапкы тергөө учурунда жашы жете элек жарандар автоунааны уурдоого жана тоноого байланыштуу башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Бул фактылар Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери улантылууда. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (ErN)