Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Өкмөт орус инвесторлоруна биргелешкен ишканаларды ачууну сунуштады


Замирбек Аскаров.
Замирбек Аскаров.

Кыргызстан Орусия менен биргелешкен ишканаларды курууга кызыкдар. Бул тууралуу 27-мартта вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бишкекте “Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери” аттуу кыргыз-орус аймак аралык 8-бизнес конференцияда билдирди.

«Биз Борбор Азиядагы «ВСП+» макамына ээ бирден-бир өлкөбүз жана бул 6 миңдей товардын түрүн бажы төлөмүсүз Европа Биримдигине сатууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен 400 миллион адамдык рынокко чыга алабыз. Ошондуктан биз таза азыктарды өндүрүүдө башкы жеткирүүчү боло алабыз”,-деди.

Аскаров 2018-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө экспорту 2018-жылы 5% өскөнүн билдирди.

«Биз дүйнөнүн 143 мамлекети менен соода-алака жүргүзөбүз. Биздин милдет экспорт үчүн заманбап логистика уюштуруу. Өнүмдү өндүрүү жана сатуу өлкөнүн экспортунун негизине айланат. Бул өнүгүүгө чоң түрткү берет. Ошондуктан мен орусиялык ишкерлерди Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, анын ичинде кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү курууга чакырам”,-деди вице-премьер-министр.

Кыргызстан жана Орусиянын аймак аралык бизнес конференциясы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын алкагында өтүүдө. Жыйынга 700-800дөй ишкер катышууда.

Бул сапардын алкагында 27-мартта Бишкекте Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму да өтүп жатат. Путин Бишкекке 28-мартта келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG