Кыргызстандын жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» аттуу форумунда кызматташуу боюнча жети макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Окуу жайлардын ректорлору кол койгон документтерге ылайык, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Москва педагогикалык мамлекеттик университети, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Новосибирск мамлекеттик техникалык университети кызматташат.
Ошондой эле Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы менен Оренбург мамлекеттик университети, Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети менен Кубан мамлекеттик техникалык университети, Ош мамлекеттик университети менен Казань федералдык университети билим берүү, илим-изилдөө инновациялык долбоорлор боюнча иш алып барышат.
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы форумга Орусиянын 70тен ашык, Кыргызстандын 30дан ашык окуу жайынын ректорлору катышууда. Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын алкагында өтүп жаткан жыйын 28-мартта да уланат. (ErN)