Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Мэрия: жолду кеңейтүү үчүн 300гө жакын дарак кыйылышы мүмкүн


Бишкек мэриясы Ботаникалык бактын аймагынынын эсебинен Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү тууралуу чечимди былтыр жазында кабыл алганын маалымдады. Шаардын башкы планына ылайык, Кара-Көл көчөсүнүнүн туурасы 15 метр болушу керек. Ал үчүн жолдун жээгиндеги Ботаникалык бактын аймагынан 7,5 метр кыскартылат.

27-мартта буга каршы чыккан шаар тургундары, экологдор чогулуп, нааразычылыгын билдиришти. Ботаникалык бактын аткаруучу директору Гүлайым Донбаева мэрия менен түзүлгөн келишимде бактарды кыюу тууралуу сөз болбогонун билдирди.

Жолду оңдоо иштери башталган учурда Ботаникалык бактан үч жүзгө жакын дарак кыйылышы мүмкүн. (AiA/TSh)

XS
SM
MD
LG