Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы, ИИМ жана Росгвардия аннексияланган Крымда татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү.
Буга чейин бир нече крым-татарына Орусияда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмуна катышы бар деген негизде кылмыш иши козголгон.
"Крым тилектештиги" уюмунун маалыматына караганда, укук коргоо органдары Симферополь менен Белогорск райондорунда 20дан ашык үйдү тинтип чыгышты. Он жети киши кармалганы кабарланды.
Кийинчерээк Федералдык коопсуздук кызмат "Хизбут-Тахрирдин" башчылары жана мүчөлөрүнөн турган 20 киши кармалганын билдирди.
2014-жылдан бери Орусия аннексияланган Крымда 31 мусулман татарды экстремисттик уюмга катышы бар деп куугунтуктап келет.
Орусия бул уюмга 2003-жылы тыюу салган. Украинада ал экстремисттик деп эсептелбейт жана эркин иш жүргүзөт.