Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Бообекова: Биз текшерген учурда сатылды деп айтылган балдар жакшы шартта чоңоюп жаткан


27-мартта Биринчи май райондук сотунда бир нече ымыркайды саткан деген шек менен айыпталып жаткандардын сот иштери уланды. Анда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери «сатылып кетти» деген ымыркайлардын мыйзамдуу өкүлү катары сотко катышып жаткан Гүлзина Бообекова текшерген учурда балдар жакшы шартта чоңоюп жатканына күбө болгонун маалымдады.

Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында тергөөчүлөр менен биргеликте балдарды багып алган үй-бүлөлөрдү кыдырган. Балдардын бирин Балыкчыдагы үй-бүлө чоңойтуп жатат. Дагы бир нече бала Бишкекте, бир ымыркайды Орусиянын жараны багып жатат.

Учурда кылмышка шектүү катары жети киши айыпталып, төртөө камакта отурат. Үчөө үй камагында. Эки шектүү документ жасоо боюнча кылмышты мойнуна алган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка бирөөлөргө берип жүрүшкөнүн маалымдаган. Коомчулукту сестендирген окуя боюнча Жазык кодексинин 124-беренеси («Киши сатуу») менен иш козголгон.

Тергөө убагында алты бала башка үй-бүлөлөргө сатылганы айтылган. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү былтыр августта төрөлгөн. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG