Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Кыргыз-орус ишкерлер форумунда 1,5 млрд. долларлык макулдашууларга кол коюлду


Кыргызстан менен Орусиянын ишкана жетекчилеринин макулдашууларга кол коюу учуру. 27-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Кыргызстан менен Орусиянын ишкана жетекчилеринин макулдашууларга кол коюу учуру. 27-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

27-мартта Бишкекте “Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери” аттуу кыргыз-орус аймактар аралык сегизинчи бизнес конференциясында тараптар ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Эң чоң сумма 1,2 млрд. долларлык кызматташуу боюнча макулдашууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов менен «Росгеология» акционердик коомунун башкы директору Сергей Сучков кол коюшту.

Мындан сырткары тараптар ар бири 50 миллион долларлык алты меморандумга жетишти. Алардын биринчиси Кыргызстандын Жер семирткичтерди жеткирүүчү ассоциациясынын төрагасы Эрлис Акунбеков менен орусиялык «НПК ГидроИнТех» ишканасынын башкы директору Олег Долгановдун жер семирткичтерди өндүрүү жөнүндө документи.

Экинчиси Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, кыргызстандык «КЕН ЖОЛ-АГРО СОЮЗ» ишканасынын жетекчиси Д. Намазбеков менен орусиялык «ИНТЕР ТРАНС» ишканасынын башкы директору Сергей Панышевдин биорганикалык препараттарды өндүрүү боюнча меморандуму. Үчүнчүсү алдыда аталган Чодуев жана Кыргызстандын экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова менен орусиялык «ЗОЛОТОЙ КОЛОС» соода үйүнүн башкы директору Владимир Лебедевдин органикалык жер семирткичтерди чыгаруу жөнүндө келишими.

Төртүнчүсү кыргызстандык жеке ишкер Н. Акимова менен орусиялык «ЭКОРОСТ» компаниясынын башчысы Дмитрий Тихоновдун жем өндүрүү боюнча макулдашуусу. Орусиялык «Агровет» компаниясынын башкы директору Давудай Девришов менен жана орусиялык «Завод Молмаш» ишканасынын жетекчиси Павел Карцев менен болгон бешинчи-алтынчы макулдашууларга да айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев кол койду.

Мындан сырткары орусиялык «Трактор» компаниясынын жетекчиси Владимир Андрюшенко менен кыргызстандык «АХТС-Уралец» ишканасынын башчысы Кайрат Жумашев айыл чарба техникаларын Кыргызстанга алып келүү жөнүндө 20 миллион долларлык макулдашууга жетишти.

Кыргызстандын «БШЗ» ишканасынын директору Бакытбек Турдубаев Казан мамлекеттик ок-дары чыгаруучу заводунун өкүлү Ильдус Самитов менен 15 млн. 300 миң долларлык, Барнаул патрон заводунун директору Игорь Куппа менен 15 млн. долларлык макулдашууга кол койду. 8 миллион долларлык суммада кызматташуу тууралуу макулдашууга “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азат Эгинбаев менен орусиялык «Алкоинвет» ишканасынын өкүлү Марина Картридж кол коюшту.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын алкагында өтүп жаткан жыйынга 700-800дөй ишкер катышууда. 27-мартта башталган иш-чара 28-мартта аяктайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG