Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:18

Казакстан: аскердик вертолет кыйрап, экипаж мүчөлөрү каза болду


Кызыл-Ордо облусу Казакстандын картасында.
Кызыл-Ордо облусу Казакстандын картасында.

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик вертолету кыйрады. 

Өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттердеги" баракчасына кырсыкта экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.  

Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Коргоо министрлигине таянып  кырсыкта каза тапкандар бар болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Жабыр тарткандардын абалы такталып жатканы айтылган. 

Вертолет Актаудан Чымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда он үч киши болгон.

Учурда атайын комиссия түзүлүп, кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.  

 

XS
SM
MD
LG