Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

ТИМ миграциялык мунапыс тууралуу түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандарды легалдаштыруу же мунапыс берүү 22-апрелге чейин уланат.

Ага ылайык Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузганы «кара тизмеге» түшкөн кыргыз жарандары 1-майдан тартып кайра бул өлкөгө кире алат.

Миграция мыйзамдарын бузган кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан тоскоолдуксуз чыгып, кайра «кара тизмеге» илинбей өлкөгө киргенге мүмкүнчүлүк берилет. Бул үчүн мигранттар алгач административдик жана башка айыппулдардан кутулууга тийиш.

Ал эми Орусиядан сот чечими аркылуу чыгарылгандар же өз алдынча чыгып кетүүгө милдеттендирген сот чечимин аткарбай жүрө берген жарандар тыюу салынган мөөнөтү аяктагандан кийин гана өлкөгө кире алат.

Издөөдө жүргөн же орус бийлиги тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып, бирок өлкөдөн чыкпай жүргөн кыргызстандык мигранттар миграциялык мунапыстан пайдалана албайт.

Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин Орусиянын чек арасынан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга мүмкүнчүлүк бул өлкөнүн президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алдында берилген.

Былтыр 16-октябрдан 10-декабрга чейинки миграциялык мунапыстын алкагында «кара тизмеден» Орусияга кирүүгө тыюу салынган 5 миң 488 жаран чыгарылган. Мындан тышкары Орусияда учурда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн 100 миңге жакын кыргызстандык чек арадан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга жетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG