Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Орус элчилигинин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаков кармалды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Активист 27-мартта, түшкө чейин орус элчилигинин алдына президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыкканда Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери аны жубайы менен кошо кармап кетишкен. Укук коргоочу Рита Карасартованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, милиция активистти «плакаттарда улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар» деген жүйө менен кармаган.

- Активисттин колундагы плаккаттарда «Путин - агрессор, оккупант, киши өлтүргүч» деген жазуу болгон, - деди укук коргоочу. - Экинчисинде «Бизге аскер базанын кереги жок, бомбанын кереги жок, жардыруунун кереги жок» деп жазылган экен. Милиция буларды кармаары менен өздөрүнүн эксперттеринен «бул жазууларда улут аралык кастыктык козутууга чакырган маани бар» деген бүтүм чыгартып алып, Карымшаковду Жазык кодексинин 313-беренеси («Улут аралык кастыкты козутуу») менен айыптап жатыптыр.

Карасартованын айтуусунда, Биринчи Май райондук соту Карымшаковдордун үйүн тинтүүгө да уруксат берип, милиция алардын үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Нурлан Карымшаков жубайы экөө тең учурда ички иштер башкармалыгында кармалып турушат. Укук коргоочулар аларга дээрлик 15 саат бою тамак берилбегенин белгилешүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары бүгүн, 28-мартта өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG