Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

«Электр станциялары» ишканасынын директорунун жакындары дарыгерлерди айыптоодо


Аскар Эшимбеков.
Аскар Эшимбеков.

«Электр станциялары» ишканасынын директору, маркум Аскар Эшимбековдун аялы Фатима Эшимбекова күйөөсүнүн өлүмү үчүн Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбордун айрым дарыгерлерин айыптап жатат. Ал дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну суранып, президент баш болгон бардык бийлик бутактарына ачык кат жазды.

Фатима Эшимбекованын сөзүнө караганда, күйөөсүнө 15-мартта «оор аппендицит» диагнозу коюлуп, операция жасалган. Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин анын ден соолугу начарлап, 20-март күнү инфаркттан каза тапкан. Эшимбекова Улуттук хирургиялык борбордун айрым дарыгерлерин «убагында так диагноз коюп, тийиштүү чара көргөн эмес» деп айыптоодо.

Ал өз кайрылуусунда Аскар Эшимбековдун артында төрт баласы калганын, күйөөсү көп жылдардан бери өлкөнүн энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенгенин белгилеген.

Анткен менен Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбордун башкы дарыгери Таалай Акматов министрдин деңгээлиндеги мамлекеттик кызматкерге бардык тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди. Акматов Эшимбековду дарылоо учурда шалаакылык болбогонун жана жакынын жоготкон Эшимбековдун үй-бүлөсүнүн абалын түшүнүп жатканын кошумчалады.

57 жаштагы Аскар Эшимбеков былтыр май айынан бери «Электр станциялары» ишканасын жетектеп келген. Ага чейин «Түндүк электр» ишканасынын жетекчиси, Жогорку Кеңеште жана башка энергетикалык мекемелерде иштеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG