Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Ак-Суу районунун жаңы акими дайындалды


Акылбек Тюкебаев
Акылбек Тюкебаев

Ак-Суу районунун администрация башчысы - акими болуп Акылбек Тюкебаев дайындалды. 28-март күнү жаңы акимди райондун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров премьер-министрдин буйругун окуу менен тааныштырды.

55 жаштагы Акылбек Тюкебаев - Ак-Суу районунун тургуну. Буга чейин ушул райондогу Каракол айыл өкмөтүнүн, «Өрнөк-ТАА-Чолпон» кооперативин, Ак-Суу - Жети-Өгүз - Тоң район аралык үрөн инспекциясын жетектеген. Эки-үч жылдан бери Ысык-Көл облустук айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.

Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» деп Тоң, Ак-Суу, Кемин, Аксы, Токтогул, Москва райондорунун башчыларын, жалпысынан алты акимди кызматтан бошоткон. Ак-Сууну буга чейин Улан Дөкөнбаев жетектечү. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG