Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Путин менен Жээнбековдун расмий жолугушуусу башталды (видео)


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл.

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Владимир Путинди Сооронбай Жээнбековдун расмий кабыл алуу иш-чарасы өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы аземде эки өлкөнүн гимни ойнолуп, президенттер эки өлкөнүн расмий адамдары менен учурашты.

Андан кийин мамлекет башчылар чакан форматта сүйлөшүү үчүн «Конгресс холл» имаратына кирип кетишти. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Владимир Путин 28-март күнү, саат 7:30да «Манас» аба майданына конду. Аны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Орус президенти Кыргызстанда бир гана күн болот. Ал Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугат жана кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгына байланыштуу жыйынга катышат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат. Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери журналисттерге биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Орусия аймак аралык конференциясына катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине барышы күтүлүүдө.

Путиндин бул сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтык боюнча отуздан ашуун келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктура жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

27-мартта Кыргызстан менен Орусиянын аймак аралык ишкерлик конференциясы өтүп, ага Орусиянын аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлор болуп жалпысынан 700гө жакын адам катышты. 26-27-март күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтүп, ага катышуу үчүн Орусиянын 40ка жакын университетинин ректорлору келди. (ErN)​

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG