Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Путин: Жерүй кенине 20 жылда 600 млн. доллар инвестиция салабыз


Жерүй кени.
Жерүй кени.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги сапарында Кыргызстан менен жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташтык башталарын маалымдады. Алардын бири катары Жерүй кенине алдыңкы 20 жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынарын белгиледи.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 17 документке кол койгон.

Таласта жайгашкан Жерүй кенинде 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери өкмөт бул кенди ачууга бир нече жолу аракет кылган. Бирок ушу күнгө чейин долбоор ишке аша элек. 1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. (EBm/TSh)

XS
SM
MD
LG