Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Кишилерди сүздүргөн австралиялык өмүр бою түрмөгө кесилди


Саид Нури Австралиянын Виктория штатынын Жогорку сотунда. 28-март, 2019-жыл.
Саид Нури Австралиянын Виктория штатынын Жогорку сотунда. 28-март, 2019-жыл.

Австралиянын Виктория штатынын Жогорку соту 28-мартта теги ооган австралиялык жаранды көчөдө жөө бараткандарды атайлап сүздүргөн деп таап, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарды. Окуя 2017-жылы Мелбурн шаарында болгон. Анда 21 адам жарадар болуп, алардын бирөө эсине келбей бир аптадан кийин каза болгон.

Өкүмгө ылайык, 37 жаштагы Саид Нури 30 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин гана түрмөдөн эрте чыгуу боюнча арыз менен сотко кайрыла алат. Нури кармалгандан кийин полиция анын компьютеринен экстремисттик маанайдагы видеолорду тапкан.

Ал эми көчөдө орнотулган видеокамераларга Нури адамдар көп жүргөн көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде автоунаасынын ылдамдыгын күчөтүп, адамдарды сүздүргөнү түшүп калган.

XS
SM
MD
LG