Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

29-мартта тоолуу райондордо жамгыр жана кар жаайт


Кыргызстандын тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганы кабарланууда.

29-мартта тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жамгыр, кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаашы күмөн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

29-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG