Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Путин менен Жээнбеков Айтматовдун үй музейине барды


Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейде. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейде. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейге барышты.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, жазуучунун уулу Элдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин үй-музей менен андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, ошондой эле Эстелик жазуулар китебине өз каалоосун жазышты.

28-мартта тар чөйрөдө жана кеңири курамда жолугушуу өткөндөн кийин эки мамлекеттин президенттери кызматташтык боюнча 17 документке кол койду. (ErN)

XS
SM
MD
LG