Москва Венесуэлага барган орусиялык аскерлер эч кимге коркунуч жаратпай тургандыгын билдирди.
- Орусия аймактагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртпөйт. Орусия эч кимди коркуткан жок, - деди 28-мартта журналисттерге Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова.
Бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны Түштүк Америкадагы бул мамлекеттен аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган.
Венесуэланын Москвадагы аскердик атташеси орусиялык аскерлер анын мамлекетине атайын кызматташтык келишиминин алкагында барганын түшүндүрүп, аскердик операцияларга катышпай турганын кошумчалаган.
Жүздөй орусиялык аскер түшкөн эки учак 23-мартта Венесуэланын борбору Каракаска конгон. АКШ орусиялык аскерлердин курамында атайын бөлүктүн жоокерлери жана кибер коопсуздук боюнча эксперттер да бар экенин маалымдаган.
Москванын мындай кадамы Венесуэлада кош бийлик уланып жаткан маалга туш келди. АКШ баштаган 50дөй мамлекет оппозиция лидери Хуан Гуайдону утурумдук президент катары тааныган. Бул Латын Америкасынын мамлекетине миллиарддаган инвестиция жумшап келген Орусия президент Николас Мадурону колдоону улантып жатат.