Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 6 млрд. долларлык документтерге кол коюлду


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жалпысынан 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 28-мартта Бишкекте кыргыз-орус аймак аралык ишкерлердин сегизинчи конференциясында билдирди.

Жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин да катышты.

Жээнбеков акыркы жылдары Кыргызстан менен Орусия ортосунда соода-экономикалык байланыштар бекемделип, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында жигердүү аракеттенип жатканын белгиледи.

«Биз үчүн орусиялык инвестицияларды тартуу, ишкер чөйрөлөр үчүн, айрыкча чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү актуалдуу. Биздин ишканалардын Орусия менен бирдикте кошумча нарктын тутумдарына интеграцияланышын биз маанилүү деп эсептейбиз. Кыргызстанда ишкерлик кылыш үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Азыркы кезде орток долбоорлорду ишке ашырыш үчүн пайдаланылбай келаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстандын аймагында биргелешкен кыргыз-орус ишканаларды түзүү биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири болуп кала алат», - деди Сооронбай Жээнбеков.

«Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аттуу кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясынын биринчи күнү, 27-мартта тараптардын ортосунда 1 558 300 долларлык 11 макулдашууга кол коюлган. 28-мартта уланган конференцияда кеминде 16 макулдашуу кабыл алынды.

28-мартта ошондой эле тар чөйрөдө жана кеңири курамда жолугушуудан кийин эки мамлекеттин президенттери кызматташтык боюнча 17 документке кол койду. (ErN)

XS
SM
MD
LG