Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Бишкектин Жаш гвардия көчөсүндөгү чуңкурга суу толуп калды


Бишкектин Жаш гвардия көчөсүндөгү чуңкурга суу толуп калды. «Элдик медиа» баракчасынын видеосунан алынган сүрөт.
Бишкектин Жаш гвардия көчөсүндөгү чуңкурга суу толуп калды. «Элдик медиа» баракчасынын видеосунан алынган сүрөт.

Катуу жааган жамгырдан улам Бишкек шаарынын Жаш гвардия көчөсүнөн Толстой көчөсүнө чыга бериштеги көпүрөнүн алдына суу толуп, автоунааларга түйшүк жаратууда. Бул тууралуу Фейсбуктагы «Элдик медиа» баракчасы кабарлап, видеосун жарыялады.

Тасмада көрүнүп тургандай, көпүрөнүн алдындагы чуңкурчадагы суу автоунаалардын дөңгөлөктөрүн көөмп турат. Ары-бери каттаган автоунаалар тыгылып өтүп жатат. Бир нече айдоочу транспортунун номерин жоготуп издеп жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жолго толуп калган суу тазаланып жатканын билдирүүдө. Видеодо көрүнүп тургандай, бир нече суу ташуучу автоунаа сууну сордуруп, сыртка ташып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG