НАТОнун башкы катчысы, генерал Йенс Столтенбергдин кызматтагы мөөнөтү 2022-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу уюм 28-мартта тараткан билдирүүдө айтылат.
Ыйгарым укуктары 2020-жылы соңуна чыга турган Столтенбергдин бул кызматта калышын уюмга мүчө 29 мамлекеттин баары колдошту.
Норвегиянын мурдагы премьер-министри аскерий альянстын башына 2014-жылы барган. Ал быйыл мартта 60 жашка чыкты.
Столтенберг "Твиттердеги" баракчасында ыраазычылык билдирип, 29 мамлекет кабыл алган чечимге сыймыктанып турганын билдирди.
Кийинки аптада Столтенберг Вашингтонго барып, АКШ президенти Доналд Трамп менен жолугат. Ал ошондой эле Конгрессте НАТОнун 70 жылдыгына арналган иш-чарага жана НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.