Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Москвада активисттер «Жахабанын күбөлөрү» кыйноого кабылганын кабарлашты


«Жахабанын күбөлөрүнүн» адабияттары. Иллюстрациялык сүрөт.
«Жахабанын күбөлөрүнүн» адабияттары. Иллюстрациялык сүрөт.

«Адам укугу үчүн» тобунун активисти Лев Пономарев «Жахаба күбөлөрүнүн» жети мүчөсү кыйноого кабылганын билдирип чыккандан кийин Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бастрыкин кызматтан алынууга тийиш деп эсептейт.

Укук коргоочу бул тууралуу 28-мартта Москвада өткөн жыйында билдирди. Ал эми адвокат Егиазар Черников «Сургут шаарында «Жахаба күбөлөрүнүн» мүчөлөрү тергөө комитетинде кыйноого кабылганын экспертиза тастыктады» деп билдирди. Анын айтымында, кыйноо учурунда электрошокер колдонулганы аныкталган.

Черников «Жахабанын күбөлөрү» адвокатсыз суракка алынганын айтты. Анын маалыматына караганда, аларды тизелетип отургузуп, башына жана капталга союл менен урушкан. Тергөө кызматкерлери аларды улуту жана дин ишеними боюнча шылдыңдашкан.

20-февралда «Жахаба күбөлөрүнүн» жети мүчөсү Сургуттагы тергөө комитетинде кыйноого кабылганын билдиришкен.

Алардын ичинен экөө - Артем Ким менен Евгений Кайряк бул тууралуу прокуратурага жана полицияга кайрылышкан. Кайряк өзү кабылган кыйноо тууралуу кеңири баяндалган видеоролик тарткан, тасмада ал полициячылар башына желим баштык кийгизип муунтуп, ошол эле учурда электрошокер менен кыйнашканын айткан.

21-мартта Орусиянын Юстиция министрлиги «Сургутта кыйноого кабылдым» деген «жахабачы» Сергей Логиновдун денесинен кыйноонун изи табылбаганын кабарлаган. Логинов учурда камакта.

2017-жылы Орусиянын Жогорку соту «Жахаба күбөлөрүн» экстремисттик уюм деп тапкан.

XS
SM
MD
LG