Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

«Манас» аэропортунан жарандыгы жок адам эки айдан бери чыга албай жатат

«Манас» аэропортунун ичи. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» аэропортунун ичи. Иллюстрациялык сүрөт.

«Манас» эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында (стерильная зона) Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам жетимиш күндөн бери чыга албай жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул маалыматты аба майданынын басма сөз кызматы да ырастады. 

Мунун алдында «Kaktus.media» басылмасы аларга Арлен Хадаа аттуу адам кайрылганын, ал 19-январдан бери аталган аймакта камалып жатканын жазды. Сайт Хадаанын атасы Монголиянын жараны болгонун, апасы Өзбек ССРинин паспортуна ээ кыргыз болгонун, өзү Кыргызстанда туулуп-өскөнүнө карабай жарандык албаганын жазды.

Хадаа басылма менен болгон маегинде 1985-жылы Токмок шаарында туулганын, ошол жерде 10-класска чейин билим алып, 11-классты Бишкектен бүткөнүн билдирген. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугунан паспорт албай калганын кабарлаган. Ал мыйзамсыз паспорт жасап, Норвегияда бир нече жыл жашаганын, үй-бүлө күткөнүн, ал жактан депортация болуп 2016-жылы Кыргызстанга келгенин айтып берген.

Хадаа Кыргызстанда жашаганы жөнүндө убактылуу документ алып, кайра Норвегияга кетүүгө аракет кылган учурда Орусиянын Миграция кызматы Москвадан Бишкекке 19-январда депортация кылып жиберген. Документтери так болбогону үчүн Кыргызстанга да кире албай олтурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG