29-мартта «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун автоматтык системасы электр энергиясы үчүн карыз убагында төлөбөнгөнү үчүн Бишкек шаарындагы 8 миң абоненттин жарыгын дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын карызы 12,5 миллион сомдон ашып кеткен. Мекеме өз аракетин үч күн мурда эскерткен.
Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» терминалдарында, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарында, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» жана «Кыргызпочтасында» кабыл алынууда.
Маалым болгондой, абоненттерге коюлган «акылдуу электр эсептегичтер» аларды алыстан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абоненттер карызын «Түндүкэлектр» ишканасына келип же терминалдардан төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет.
Мекеме билдиргендей, жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт. 2017-жылдын октябрь айында 1800 абоненттин жарыгы массалык түрдө өчүрүлгөн.
Бишкек шаарында «Түндүкэлектр» ишканасынын 235 миңден ашуун абоненти бар. (ErN)