Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

HRW Путинге каршы чыккан активисттерге ачылган ишти жабууга чакырды


Жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлзана Имаева Орусия элчилигинин алдында пикетте. Бишкек. 27-март, 2019-жыл. (Сүрөт Карымшаковдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).
Жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлзана Имаева Орусия элчилигинин алдында пикетте. Бишкек. 27-март, 2019-жыл. (Сүрөт Карымшаковдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).

«Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага карата кылмыш ишин айыптап, аларга карата куугунтуктоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу уюм тараткан атайын билдирүүдө айтылат.

«Орус президентине карата терс маанайда коомдук пикир билдирүү Кыргызстандын мыйзамдарында жана эл аралык укуктарда корголгон сөз эркиндигине алкагына туура келет. Кыргызстандын бийлиги бул дооматтарды тез арада кайра алышы керек жана ишти жабышы керек», - деп келтирилет билдирүүдө уюмдун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өкүлү Мира Ритмандын пикири.

Укук коргоо уюму эгер сын пикирлер президент сыяктуу саясий кызматтагы кишиге карата айтылса, ал өлкөнүн элине карата улут аралык кастыкты козутууга жатпай турганын эскертүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун, жарандык активист Нурлан Карымшаков жана анын жубайы Гүлзана Имаева Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колдоруна «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция аларды кармап кеткен.

29-мартка караган түнү Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасы жабык карап, жубайларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үй камагына алды. (ErN)

XS
SM
MD
LG