Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

Жалал-Абад мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Жалал-Абад мэриясынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы шаардык мэрияга караштуу муниципалдык менчикти башкаруу мекемесинин жооптуу кызмат адамдарына карата козгогон иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу облустук прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурору Марат Абыкеев билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган. Натыйжада бир нече кызматкерге Жазык кодексинин 320-беренесине («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») ылайык айып коюлду.

Факты Кылмыштар менен жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Буга чейин кабарлангандай, Жалал-Абад шаардык суу чарба башкармалыгынын эски насостук станциясы жайгашкан 14 жана 15 сотых эки жер тилкеси муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аукцион аркылуу ижарага сатылган. Айрымдар анын мыйзамсыз берилгенин айтып чыгышкан болчу.

Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Болот Жусупбеков кылмыш иши боюнча маалыматы жок экенин айтып, бул багытта прокуратурадан тийиштүү кагаз келе элек экенин билдирди. (RsK\ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG