«Азия news» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айланасындагы маалыматтарды териштирүүдө күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу Сартбаев «Фейсбуктагы» баракчасында маалымдап, чакыруунун сүрөтүн жайгаштырды.
Билдирүүсүн журналист «Азаттыкка» да ырастап, 15:00гө чакырылганын, учурда УКМКга баратканын айтты.
Разаков тууралуу чыгып жаткан материалдарды иликтөөнү УКМК парламент депутаттарынын талабынан кийин, 23-мартта баштаган. 20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар вице-премьер-министрди айрым сайттар «Тажикстандын тыңчысы» деп жазып жатканын айтып, териштирүүнү талап кылышкан. Алар мындай шартта коңшу өлкө менен чек ара боюнча сүйлөшүүдө делегацияны Жеңиш Разаков жетектегени канчалык орундуу деген маселе коюшкан.
Буга оро-пара «Азия-Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, ал 2010-жылы Тажикстанда кармалып чыкканын жазды. Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялады.
Жеңиш Разаков «Азаттыкка» берген комментарийинде өзүнүн айланасындагы кептерди толук төгүнгө чыгарган. (ErN)